Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Мирзиёев менен Рахмонду Нобел сыйлыгына көрсөтүү сунушталды


Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон.
Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон.

Тажикстандагы өзбек коомчулугу тажик президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын журт башчысы Шавкат Мирзиёевди келерки жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү боюнча кол топтой башташты.

Тажикстандагы Өзбек коомунун төрагасы Мухаррама Мирзоалиева демилгелүү топ Нобел комитети менен байланышканын билдирди.

​«Бизге талапкерлерди көрсөтүүнүн жол-жоболорун айтып беришти. Норвегия Нобел комитети өкмөттүк түзүмдөр көрсөткөн талапкерлерди карабайт. Бирок мамлекет башчынын талапкерлигин коомдук уюмдар көрсөтсө, алардын арызы милдеттүү түрдө каралат», - деди Мухаррама Мирзоалиева.

Эки жыл мурда Тажикстандагы белгилүү саясий жана коомдук ишмер Хикматулло Насриддинов Нобелдин Тынчтык сыйлыгына президент Эмомали Рахмондун талапкерлигин расмий түрдө көрсөтүүнү сунуштаган.

Өзбекстанда Нобелдин Тынчтык сыйлыгына президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүү чакырыгы жаңырууда. Тажикстанда 2010-жылдагы расмий маалымат боюнча 926 миң өзбек жашайт, бул өлкөдөгү калктын 12,2 % түзөт.

XS
SM
MD
LG