Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:48

Өкмөт өспүрүмдөр абагына Интернет өткөрүп берет


Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана акыйкатчы Токон Мамытов №14 колониядагы шарттар менен таанышууда.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана акыйкатчы Токон Мамытов №14 колониядагы шарттар менен таанышууда.

Өспүрүмдөр отурган абакка Интернет өткөрүлүп, заманбап компьютердик класс ачып берүү зарыл. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн №14 колонияга барганда Билим берүү жана илим министрлигине ушундай тапшырма берди.

Өмүрбекова акыйкатчы Токон Мамытов жана “Балдар укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова менен чогуу абактагы шарттарды текшерди.

Колониянын ичиндеги мектептин мугалимдери окуу куралдары жана китеп жагынан жардам керек экенин айтышты.

Өмүрбекова кылмыш кылган өспүрүмдөр жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомго аралашууда психологиялык жардамга муктаж экенин белгиледи.

№14 колония - өспүрүмдөр кармалуучу жалгыз абак. Ал Чүйдүн Вознесеновка айылында жайгашкан. Учурда ал жерде 27 өспүрүм отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG