Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Ош шаары кышка толук даяр


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаары кышка толук даяр. Бул тууралуу бүгүн өткөн жыйында айтылды.

Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) буу казандары кароодон өткөрүлүп, даярдалды. Ошондой эле жылуулук жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык түйүндөр, «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасындагы 80 откана толугу менен даяр экени айтылды.

Шаардагы ооруканалар, бала бакчалар, мектептер жана башка социалдык мекемелер да жылуулук алууга даяр экендиги кабарланды.

Учурда Ошто 15 жерде көмүр сатуучу пункттар иштеп жатат.

Адатта жылуулук Ош шаарына 15-ноябрдан 15-мартка чейин берилет. Бирок эгер абанын күндүзгү температурасы беш күн бою +8ден төмөн болсо шаар бийлигинин буйругу менен бериле башташы мүмкүн. (MdN)

XS
SM
MD
LG