Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:00

Оштун муниципалдык транспорту электрондук ыкмага өтө баштады


Оштун муниципалдык транспорту электрондук карта системасына өтө баштады.

Оштун муниципалдык транспорту жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн жаңы заманбап ыкмасына өтө баштады. Ушул айдын аягынан тарта коомдук транспортто электрондук билеттердин автоматташтырылган системасы ишке киргизилгени жатат.

Бул үчүн Чехиянын “Микроэлектроника” компаниясы менен келишим түзүлгөн. Жүргүнчүлөр жол кирени накталай да, карта менен да төлөсө болот.

Карталар ардагерлер жана майыптар үчүн, окуучулар үчүн жана жалпы жарандар үчүн деп үч түргө бөлүнөт.

Ардагерлер менен майыптар бекер жүрсө, окуучулар 1 сомдон, ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт.

- Учурда троллейбус жана автобустарга атайын аппараттар орнотулуп, текшерилип бүттү. Долбоорду октябрь айынын аягында ишке ашырууну пландап жатабыз. Карта менен төлөгөндө жол акынын суммасы өзгөрбөйт, - деди муниципалдык автоунаа мекемесинин директору Мурзабек Дубанаев.

Транспорттук карта паспорт жана күбөлүктүн негизинде берилет. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG