Эндрю Брансондун иши боюнча соттук угуу Измир шаарындагы абак комплексинде өтүп жатат. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерттин 11-октябрда кабарчыларга айтканына караганда, Эндрю Брансон жакын арада бошотулат деген үмүт бар.
Түркияда жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жашаган америкалык пастор тыңчылык жана терроризм боюнча күнөөлөнүп жатат. Түркиялык прокурорлор ал АКШдагы түрк диниятчысы, 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракети үчүн айыпталган Фетхулла Гүлен менен карым-катышта болгонун да билдирген. Америкалык диниятчынын өзү жана АКШнын бийлик өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагышкан.
Бир жарым жыл мурда Измир шаарында кармалып, азыр үй камагында отурган Брансон сотто күнөөлүү деп табылса, 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Анын маселеси АКШ менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык жаңжалга да себеп болгон. Быйыл августта Вашингтон Түркиянын эки расмий адамына каршы санкция киргизип, болот менен алюминийге бажы тарифтерин көтөргөн.
Түркияда улуттук акча лиранын куну кетишинин жаңы баскычы мына ушул кошумча бажы салыгы киргизилгенден кийинки учурга туш келген.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын Брансонду тезинен бошотуу тууралуу талабын четке каккан. Бирок мурдараак аны АКШдагы түрк диниятчысы Фетхулла Гүленге алмаштыруу мүмкүн экенин ишарат кылган. (UE)