Адыл Каниметов Каракол шаарынын мэри болду. Бүгүн шаардык кеңештин депутаттары шайлоо өткөрүп, добуш берүүгө катышкан 29 депутаттын 18и буга чейин шаардын вице-мэри болуп келген Каниметовду колдошту. Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракуновго 11 добуш тийди.
Айсаракуновду “Табылга” фракциясы, ал эми Каниметовду калган фракциялар көрсөткөн. Каракол шаардык кеңешинде беш фракция бар. Андагы 31 депутаттык орундун 19ун "Табылга" менен КСДП ээлеп, көпчүлүк коалицияны түзүшөт.
Мурдагы мэр Данияр Арпачиев өзү жазган арызынын негизинде быйыл 19-сентябрда кызматтан бошотулган. 31-июлда шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен шаар башчыга ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алышкан. Мындай кадамын алар мэрдин шаарды өнүктүрүү боюнча иши канааттандырарлык болбогону менен түшүндүрүшкөн. Бирок Арпачиев бул сыяктуу пикирлерге каршы экенин айтып келген.
Адыл Каниметов 41 жашта. Ал окумуштуу Жангороз Каниметовдун уулу. (AsM)