Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Тажикстан: Тоолуу Бадахшанда аскердик операция өткөрүлбөйт


Хорог шаарчасынын бир көрүнүшү.
Хорог шаарчасынын бир көрүнүшү.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, бул тууралуу Тажикстандын күч түзүмдөрү кабарлады. Өлкөнүн укук коргоо органдарынын Тоолуу Бадахшан боюнча мекеме аралык штабынын билдирүүсү 12-октябрда жарыяланды.

Анда айтылгандай, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагында операция өткөрүлбөйт. Бирок ал жердеги уюшкан кылмыштуу топтор жана кээ бир жарандар карамагындагы ок атуучу куралдарды төрт күн ичинде өз ыктыяры менен өткөрбөсө, аларга каршы “катаал чара” көрүлөт.

Мекеме аралык штаб белгилегендей, “алигиче кылмыштуу топтор менен кээ бир жарандардын колунда көп сандаган курал, ок-дары бар жана бул коомдук коопсуздук үчүн чоң коркунуч жаратууда”.

Тажикстандын укук коргоо органдарынын мекеме аралык штабы ошондой эле "уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жок кылуу боюнча операция өткөрүлө турган болсо, анда жайкын тургундардын коопсуздугу камсыздалат" деп да ырастоодо.

Буга чейин 2012-жылы Тоолуу Бадахшандын борбору Хорогдо Тажикстандын өкмөттүк күчтөрүнүн ири масштабдагы аскердик операциясы өткөрүлгөн.

Ага Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин облустук төрагасы, генерал Абдулло Назаровдун өлтүрүлүшү себеп болгон.

Быйыл 15-сентябрда президент Эмомали Рахмон Тоолуу Бадахшандын активи менен жолугушууда жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алып, аларга тартип орнотуу үчүн бир айлык мөөнөт берген. (UE)

XS
SM
MD
LG