Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Германия болгар журналистин өлтүрдү деп шек саналгандарды өткөрүп берет


Виктория Маринова. Иш үстүндөгү сүрөттөрүнүн бири.
Виктория Маринова. Иш үстүндөгү сүрөттөрүнүн бири.

"France-Presse" агенттиги кабарлагандай, бүгүн, 12-октябрда Германиянын Целле шаарынын соту ушундай чечим кабыл алды. Болгарияга экстрадицияланганга чейин кылмышка шектүү Германияда камакта болот.

21 жаштагы Северин Красимиров Германияда болгариялык журналист Виктория Маринованы өлтүрдү деген шек менен камакка алынган. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, ал журналисттин сөөгү табылган Болгариянын Русе шаарынан Германияга келген.

Тергөө кылмышка шектүүнүн киши өлтүрүүгө тиешеси тууралуу далилдери жетиштүү экенин, кармалган адамдын ДНКсы кылмыш болгон жердеги биологиялык материал менен шайкеш чыкканын билдирүүдө.

Болгариялык иликтөөчү журналист, отуз жаштагы Виктория Маринованын киши колдуу болгону 7-октябрда билинген. Анын сөөгү жана автоунаасы кичи мекени Русе шаарындагы парктан табылган.

Виктория Маринова Евробиримдик өлкөлөрүндө акыркы бир жылда киши колдуу болгон иликтөөчү журналисттердин үчүнчүсү болду. Маринованын өлтүрүлүшү анын кесиптик ишмердигине тиешеси болгону же катардагы кылмыш экени азырынча толук аныктала элек. (UE)

XS
SM
MD
LG