Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Экс-элчи Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сураганын билдирди


Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сурады. Бул тууралуу ал бүгүн "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазды, бирок кайсы мамлекетте калууну чечкенин жарыялаган жок.

Султандын өзү менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат, бирок “Азаттык” радиосунун жеке булактары маалымдагандай, ал башпаанек сурап Малайзиянын бийлигине кайрылды.

Бүгүн, 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кылычбек Султан Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Жакында Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Анда ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныкталганы айтылат. Ошол эле учурда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталган.

Бир аз мурдараак президенттин жарлыгы менен Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан алынды. Абдылдаев иштен өз каалоосу менен кеткенин жарыялады.

Кылычбек Султан "Фейсбуктагы" жеке баракчасына: "Элим! Сооронбай Жээнбековдун саясий шоусун көрдүм! Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым" деп жазды.

Президенттик аппарат экс-элчинин бул билдирүүсүнө расмий комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG