Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-октябрда Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин премьер-министрлеринин кеңешмесинде ушундай чакырык таштады.
“ШКУнун мейкиндигинде экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырыш үчүн кыргыз тарап уюмдун каржылык механизмдери, ШКУнун Өнүгүү банкы тезинен түзүлүшүн жактайт жана бул каржылык институттун баш кеңсесин Кыргызстандын аймагында жайгаштыруу маселесин карап көрүүнү сунуш кылат”, - деди Абылгазиев Дүйшөмбүдөгү сөзүндө.
ШКУнун алкагында каржылык институттарды түзүү - көптөн бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келаткан маселе.
Өкмөт башчылардын Дүйшөмбүдөгү жыйынында ШКУнун баш катчысы Рашид Алимов билдиргендей, уюмга кирген мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча жаңы программаны иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
ШКУнун мүчөлүгүндө мурда Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан турса, 2017-жылдан тартып Индия менен Пакистан да кошулган. (UE)