Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Орусияда “Союз” кемесиндеги авариянын баштапкы себеби айтылды


"Союз" кемесиндеги окуя тууралуу маалымат. 11-октябрь, 2018-жыл.
"Союз" кемесиндеги окуя тууралуу маалымат. 11-октябрь, 2018-жыл.

"Роскосмос" агенттигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, “Союз” кемеси орбитага көтөрүлгөн учурдагы авариянын түздөн-түз себеби биринчи жана экинчи баскычтары ортосунда элементтердин кагылышы болгон.

"Роскосмостун" өкүлү Сергей Крикалевдин айтымында, авариянын себебин биротоло аныктоо иши 20-октябрга барып аяктайт.

Мурдараак орусиялык “Коммерсанть” басылмасы өз булактарына таянып, “Союз” космос кемеси капталында жайгашкан, биринчи баскычтагы төрт блоктун бириндеги бузуктан улам аварияга кабылышы мүмкүн экенин билдирген.

Иликтөө бүтмөйүнчө Орусияда “Союз” кемелерин учуруу токтотулду.

“Союз” кемеси ушул бейшемби күнү "Байкоңур" космодромунан көтөрүлгөндөн саналуу мүнөттөрдөн кийин аварияга кабылып, анын бортундагы орусиялык космонавт Алексей Овчинин менен америкалык астронавт Ника Хейги аман калышкан. Алар түшкөн капсула космодромдон 500 чакырым алыстыкта конгон.

Орусиялык космонавт менен америкалык астронавт Эл аралык космос станциясына жол тарткан эле. Орусиянын “Союз” кемеси акыркы жети жылдан бери Эл аралык космос станциясына жетүүнүн жалгыз каражаты болуп келген. "Роскосмостун" өкүлү Сергей Крикалевдин ТАСС агенттигине айтканына караганда, Эл аралык космос станциясына адам башкарган кеме кийинки жолу декабрь айында учурулуп калышы мүмкүн. (UE)

XS
SM
MD
LG