Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Украина Орусия менен деңиз чек арасы жөнүндө мыйзам даярдоодо


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңеши өкмөткө Орусия менен Азов жана Кара деңиздериндеги чек арасын аныктоо, бөлүү боюнча мыйзам долбоорлорду иштеп чыгууну тапшырды. Кеңеш Орусиянын “агрессиялык аракеттеринин” жана улуттук коопсуздукка коркунучтардын алдын алуу максатында ушундай тапшырма берилип жатканын белгилеген.

Буга чейин президент Петро Порошенко Азов деңизиндеги кырдаалга байланыштуу Орусияга карата санкцияларды күчөтүүгө чакырган. Анын айтымында, Керч булуңу аркылуу көпүрө курулгандан кийин Орусия украин жана эл аралык багытындагы кемелерге тоскоолдук кылууда.

- Крымды басып алгандан кийин Азов деңизин оккупациялоо аракети болуп жатат. Мындай одоно аракеттер деңиз укуктары боюнча БУУнун Конвенциясына ылайык мыйзамсыз деп эсептелип, четке кагылууга тийиш. Бул саясий жана башка жактан алганда да катуу чараларды талап кылат, - деген Порошенко.

Орусия менен Украинанын ортосундагы макулдашууга ылайык, Азов деңизи эки өлкөнүн тең ички суулары болуп саналат. Украин жана орус чек арачылары чет элдик кемелерди текшерүүгө бирдей укуктуу. Июлда Украинанын Жогорку Радасы келишимди жокко чыгаруу маселесин караган. Украинанын Инфраструктура министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын апрелинен бери Орусия Азов деңизиндеги 100дөн ашуун кемени текшерүүгө алган. Алардын баары украин портторуна бараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG