Германия Австрия менен менен чек арада көзөмөлдү дагы жарым жылга, 2019-жылдын 11-майына чейин узартты. Берлин бул билдирүүнү Австрия, Дания, Швеция, Норвегия менен макулдашып, Европа комиссиясына жана Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жөнөттү.
Өлкөнүн ички иштер министри Хорст Зеехофер Евробиримдиктеги ички чек араларда көзөмөлдү алып салууга азырынча шарт жок экенин билдирген.
Көзөмөл "Евробиримдиктин тышкы чек араларын коргоо толук камсыздалган эмес" деген негизде Шенген чек ара кодексине ылайык 2015-жылы киргизилген.