Непалдын батышындагы Гужа Химал чокусуна чыгып бараткан альпинисттердин сегизи каза болду. Алардын арасында Түштүк Кореянын жарандары да бар экенин "France-Presse" агенттиги жергиликтүү полицияга шилтеме кылып жазды.
- Катуу бороондон улам сегиз киши каза болду, - деп билдирди полиция. Маалыматка караганда, бир кишинин дайыны чыкпай жатат.
Буга чейин "Associated Press" агенттиги жолдо коштоп барган төрт непалдык жана беш түштүк кореялык дайынсыз болуп жатканын жазган. Азырынча каза болгондор кайсы өлкөнүн жарандары экени тууралуу так маалымат айтыла элек.