Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Мектептеги өкүмзордук боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №47 мектептин 8-классынын окуучусун сабап, ур-токмокко алган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев экспертиза дайындалганын кабарлаган.

Аталган мектептин окуучусун жогорку класста окуган эки бала сабап, тишин сындырып, эрдин айрып салышканын анын апасы билдирген. Анын айтымында, баласы эсин жоготуп койгон. Учурда ал ооруканада. Балдар эмне үчүн сабаганын айтпай жатат.

Дарыгерлер окуучунун мээси чайкалганын айтышкан. Баланын апасы Билим берүү башкармалыгын, ИИМ өкүлдөрүн бул окуяга көңүл бурууга чакырды. 12-октябрда болгон мушташ Ленин райондук милициясында каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат. (КЕ)

Мектептеги зомбулукту баяндаган "Аманат" тасмасы тууралуу репортаж.

"Атаман" мектептеги зомбулукту ачык көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:02 0:00

XS
SM
MD
LG