Бээжинде жер көчкү болгон райондордон 24 миңден ашуун киши эвакуация болду. Бул тууралуу ишемби күнү "Чайна дейли" гезити өзүнүн электрондук баракчасына жазды.
Анда: “Чоң жер көчкү Сычуань провинциясы менен Тибет автоном районундагы Цзиньш дарыясынын нугун тосуп калды. Кытай бийлиги 24600 кишини эвакуациялады” деп жазылган. Жергиликтүү бийлик жабыркагандарга тамак-аш, суу жана керектүү каражаттарды жеткирип берүүнү улантууда.
Жер көчкү бейшемби күнү катталып, дарыяны тороп калган. Андан пайда болгон көлмөдө 100 млн. куб метр суу топтолгон. Жер көчкүдөн эгин талаалары, бир нече айыл, имараттар жабыркады. Адамдардын арасында катуу жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат жок.