Окуучунун сабалышы, мектептеги өкүмзордук боюнча директор жана тиешелүү милиция кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралат.
Бул тууралуу “Азаттыкка” мэрдин коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди. Бүгүн Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаардагы №47 мектептин токмок жеп, ооруканада жаткан окуучудан кабар алганы барган.
Асел Мырзабекова 8-класста окуган баласын жогорку класста окуган эки бала сабап, тишин сындырып, эрдин айрып салышканын айтып чыккан.
Анын айтымында, баласы эсин жоготуп койгон. Учурда ал ооруканада жатат. Ал балдар эмне үчүн сабаганын толук айткан эмес.
Дарыгерлер окуучунун мээси чайкалганын айтышкан. 12-октябрда болгон мушташ Ленин райондук милициясында каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. (КЕ)