Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Вице-премьер-министр “хрусталь” энеден кабар алды


Алтынай Өмүрбекова 1-топтогу майып Алимбай кызы Гүлмайрамдын үй-бүлөсүнөн кабар алды.
Алтынай Өмүрбекова 1-топтогу майып Алимбай кызы Гүлмайрамдын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 1-топтогу майып жана сейрек оору – сөөктөрдүн ашкере морттугунан жабыркаган Алимбай кызы Гүлмайрамдын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Анын жолдошу Максат Исхаков да экинчи топтогу майып болуп саналат.

Вице-премьер-министр калктын социалдык аяр катмарын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын бири болуп саналарын белгилеп, өкмөт бул багыттагы ишин улантаарын кошумчалады. Ошондой эле өкмөттүн атынан бул үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү.

"Энесинин сейрек оорусу ымыркайдын саламаттыгына таасир этиши мүмкүн" деген дарыгерлердин сунушуна карабай балалуу болушкан Алимбай кызы Гүлмайрам жана Максат Исхаков тууралуу “Азаттык” тасма тартып чыккан. Алтынай Өмүрбекова аларды балалуу болушу менен куттуктады.

Мындан тышкары Бишкек шаарынын Ленин районунун мамлекеттик администрациясына социалдык жөлөкпулдарды өз убагында төлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле эне-баланы тийиштүү медициналык камсыздоодо жардам көрсөтүү тапшырылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG