15-октябрда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;
Таласта түнкүсүн -1...-3, күндүз 7...12;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7,, күндүз 13...18;
Баткен облусунда 3...8, күндүз 13...18;
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14 градус болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...+2
15-октябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13 градус жылуу болот.