Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада АКШнын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган окуу программалардын жармаңкеси өтүүдө. Анда АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп жаңы дайындалган Дональд Лу кыргыз ата-энелерге кайрылып, уул-кыздарын Америкага окууга жөнөтүүгө шыктандырды. Жармаңкеде ар кандай окуу программаларын сунуштаган уюмдар студенттерге жана мектеп окуучуларына маалымат беришти.
Учурда АКШда ар кандай окуу программалардын алкагында 200дөн ашуун кыргыз студент билим алууда. Алардын 79% "бакалавр" даражасындагы студенттер. Ал эми Кыргызстанда АКШнын 59 студенти бар. Жалпысынан 2016-2017-жылдары АКШнын элчилиги 594 кыргыз жаранына студенттик виза ачкан. (KR)