Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезерди беттешке чакырды


Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келгенде тартылган сүрөт.
Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келгенде тартылган сүрөт.

Дагестандык (Орусия) Хабиб Нурмагомедов Инстаграм аркылуу америкалык мушкер Флойд Мейвезерди беттешке чакырды. Экөө тең азыркыга чейин мушташтан бир да жолу жеңиле элек. Мейвезер азырынча чакырыкка жооп кайтара элек.

Нурмагомедов – UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону. Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы дүйнөнүн экс-чемпиону. Ал карьерасында 50 жолу атааңдаштарын жеңип чыккан.

7-октябрда Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип, өзүнүн чемпиондук титулун сактап калган. Мушташтан кийин Макгрегордун кылыктарына ызаланган Нурмагомедов октагондон чыгып, ирланд мушкеринин тарапташтары менен мушташа кеткен.

Мейвезер менен Макгрегор 2017-жылдын августунда беттешкен. Анда алар бокс эрежелери менен таймашкан. Мейвезер техникалык нокаут менен утуп, бул анын акыркы мушташы экенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG