14-октябрда Тегеран университетинде жаңы окуу жылын ачып жатып Роухани Американын өкмөтүн Ирандын бийлигин алмаштырууну көздөгөн "психологиялык жана экономикалык тактика колдонуп жатат" деп айыптады.
Ирандын мамлекеттик телеберүүсү түз алып көрсөткөн иш-чарада Роухани Кошмо Штаттар бийлик алмаштырыш үчүн Иран Ислам Республикасынын легитимдүүлүгү тууралуу маселе көтөрүп жатканын айтты:
- Алардын максаты – системанын легитимдүүлүгүн азайтуу. Режимди кантип өзгөртсө болот? Ал системанын легитимдүүлүгүн жок кылуу менен гана ишке ашат. Антпесе режим алмашпайт.
АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү 2015-жылдагы алты тараптуу өзөктүк келишимден чыгаарын жарыялагандан кийин Вашингтон Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычын августта калыбына келтирген.
Санкциялардын экинчи бөлүгү Ирандын мунай тармагына багытталган. Ал 5-ноябрда күчүнө кирүүгө тийиш.