Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Ооганстандагы кол салуулар үчүн "Талибан" жоопкерчилик алды


Ооганстанда болгон жардыруу. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Ооганстанда болгон жардыруу. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

«Талибан» кыймылынын согушкерлери 13-октябрда Фарах провинциясындагы көзөмөл-өткөрмө бекетине чабуул коюп, андан он жети аскер өлүп, дагы он бир киши барымтага алынды.

Кол салууда дагы төрт жоокер жарадар болгону кабарланды. Согушкерлер курал-жарак, ок-дарыларды да алып кетишкен.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Гафур Ахмад Жавед бул районго кошумча күч жиберилгенин, талибдер да оор жоготууга учураганын маалымдады.

14-октябрда Забул облусунун түштүгүндө полиция башчысы талибдер менен кагылышууда каза болду.

Ооганстанда 20-октябрга белгиленген парламенттик шайлоону утурлай коюлган бул чабуулдар үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды.

13-октябрда Тахар провинциясында парламентке ат салышкан аялдар шайлоочулар менен жолугушуп жаткан учурда бомба жарылып, 22 кишинин өмүрүн алган. Бул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Андан мурда Герат провициясында да согушкерлер шайлоо тилкесине кол салып, күзөтчү менен наристенин өмүрү кыйылган.

Өлкөдө акыркы айларда «Талибандын» күч органдарынын кызматкерлерине, өкмөттүк мекемелерге кол салуулары күчөдү. Аталган кыймыл парламенттик шайлоону «америкалыктардын кутуму» деп атап, ага каршы туруу үчүн болгон аракетин көрө турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG