Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Орусия: Жол кырсыгы кыргыз жаранынын өмүрүн алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда кыргызстандык жаран жол кырсыгынан каза тапты. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя Новосибирск шаарында жекшембинин кечинде болгон.

Эвакуатордун 34 жаштагы айдоочусу 56 жаштагы кыргызстандыкты коюп кеткен. Айдоочу аба ырайынан улам жүргүнчүнү көрбөй калганын айтууда.

Расмий маалыматка караганда, Орусияда 600 миңдей кыргыз жараны мигрант болуп жүрөт. Расмий эмес статистикада алардын саны 1 миллиондон ашканы айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG