Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Түркияда ири жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргызстандыктар жок


Түркия. Оорукана.

Түркиянын Измир аймагына караштуу Мендерес районунда ири жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Расмий маалыматка караганда, алардын баары чет өлкөлүк качкындар экени белгилүү болду.

Жекшемби күнкү кырсыктан 22 адам каза таап, дагы 13 адам оор жараат алды. Алар жүк ташыган оор унаа менен деңиздин жээгине келип, андан ары Грекиянын Самос аралына мыйзамсыз өтмөкчү болушкан.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча 2018-жылдын биринчи алты айында 45 миңден ашык качкын Түркиядан Европага деңиз аркылуу мыйзамсыз өткөн. Алардын 1800дөн ашыгы деңизде каза болгон. (ElB)

XS
SM
MD
LG