Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Фарид Ниязов: Сооронбай Жээнбеков биз сүрөгөн талапкер болчу


Фарид Ниязов президент Сооронбай Жээнбеков менен. 2018-жылдын январь айы.
Фарид Ниязов президент Сооронбай Жээнбеков менен. 2018-жылдын январь айы.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын мурдагы орун басары Фарид Ниязов былтыркы президенттик шайлоодо иштегендерге кайрылуу жолдоп, ошондогу жеңиши менен куттуктады.

Ниязов Сооронбай Жээнбеков “биз сүрөгөн талапкер” болчу деп баса белгилеп, анын 2017-жылдын 15-октябрындагы шайлоодо утуп чыгышында айылдар менен шаарларда жан үрөп иштеп берген социал-демократ активисттер менен үгүтчүлөрдүн эмгеги зор болгонун эскертти.

“Силер Сооронбай Шариповичке шайлоо өнөктүгүн ийгиликтүү өткөрүүгө, анын жакшы кабылдануучу саясий образын калыптандырууга жана жөнөкөй адамдарга түшүнүктүү шайлоо платформасын түзүүгө жардам бергенсиңер”, деди Ниязов.

Ошону менен катар ал “учурда коомдун бир бөлүгүндө ички саясаттагы өзгөрүүлөргө байланыштуу өкүнүү пайда болуп жатат. Бирок тарых баарын өз ордуна коет” деп белгилеп, “таза эмгек менен куру сөздү, пайда менен зыянды, ким чыныгы санаалаш, ал эми ким кошоматчы экенин, коррупцияга каршы күрөш менен саясий куугунтукту эл өзү айырмалап билип аларын” кошумчалады.

Ниязов белгилегендей, “Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаганда бийликти тынч жол менен өткөрүп бергени демократияны өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы” болгон.

Бир жыл мурда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, бийликтеги КСДП партиясынын жалгыз талапкери Сооронбай Жээнбеков утушка ээ болгон. Анын шайлоо штабын Фарид Ниязов жетектеген.

Быйыл 31-мартта КСДПнын курултайынан соң Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда ажырым пайда болгону ачыкка чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG