Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Ташкентте Мирзиеевдин жаңы резиденциясынын жолу үчүн үйлөр бузулууда


Өзбекстандын президентинин жаңы резиденциясы жайгашкан аймактын Google-картадагы көрүнүшү.
Өзбекстандын президентинин жаңы резиденциясы жайгашкан аймактын Google-картадагы көрүнүшү.

Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы өз булактарына шилтеме кылып кабарлоодо. Редакция алган маалыматтарга караганда, Ташкент облусунун Кибрай районундагы Байткурган кыштагында жүздөн ашуун үй сүрдүрүлгөн. Дагы ондогон үй-бүлөлөр президенттин жаңы резиденциясына барган жолду кеңейтиш үчүн турак жайы бузулары жөнүндө эскертүү кат алышкан.

Үйлөр “президенттик трасса” үчүн буздурулуп жатканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматына жергиликтүү аткаминерлердин бири да ырастады.

Байткурган кыштагынын үйлөрү бузулганына нааразы болгон тургундары. 12-октябрь, 2018-жыл.
Байткурган кыштагынын үйлөрү бузулганына нааразы болгон тургундары. 12-октябрь, 2018-жыл.

Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевдин жаңы резиденциясынын расмий ачылышы былтыр 24-июлда, өзүнүн туулган күнүнө тушташ болгон.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы өз булактарынан алган маалыматтарга караганда, резиденция Байткурган айылында, Чирчик дарыясынын эки жээгинде, табияты кооз аймакта жайгашкан.

Резиденциянын аянты бир нече гектар жана ал бийиктиги 4 метр келген дубал менен курчалган.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун бир нече резиденциясы болгон. Ташкенттеги “Ак сарай” резиденциясында иштесе, шаар сыртындагы резиденциялары “Көк сарай” жана “Дурмень” деп аталган.

Ташкенттеги “Ак сарай” резиденциясы азыр Ислам Каримов атындагы илимий-агартуучу меморалдык комплекске айландырылган. (UE)

XS
SM
MD
LG