Төө-Ашуудагы автомашиналардын тыгыны тарады, ушу тапта жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлоодо.
Мекеменин маалыматына караганда, жекшемби күнү пайда болгон тыгынга автоунаалардын көбүнүн дөңгөлөгү кыш шартында айдоого даярдалбаганы себеп болду.
«Бишкек-Ош жолу» мамлекеттик дирекциясынын адиси Болотбек Токтомушевге байланышканыбызда ал азыр Төө-Ашууда турганын, жол ачык экенин айтты:
- Төө-Ашуу азыр кадимкидей оң абалда. Эч кандай тоскоолдуксуз машиналар эки тараптан тең өтүп жатышат. Жол кара. ДЭУнун жумушчулары эртең менен шагыл таш аралаш кум чачкан. Айдоочуларга айта кетчү нерсе – машинеге кышкы дөңгөлөк тагып, чынжырын салып даярдап койсо жакшы болот эле.
Өткөн аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. Тоолорго кар жаады. Синоптиктер 16-октябрдан тартып аба дагы муздап, кар жаай турганын эскертишүүдө. (RK)