Бишкек шаарына жылуулук берүү маселеси шаршемби күнү, 17-октябрда чечилет. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова билдирди:
- Мурун эле кабыл алынган норма бар – эгер беш күн бою орто эсеп менен абанын температурасы +8 болуп турса жылуулук берүү тууралуу буйрукка кол коюлат. Мэр Азиз Суракматов бүгүн эртең менен бардык тиешелүү жетекчилерди чогултуп Гидрометеоборбор менен байланышта болуп турууга буйрук берди. Шаршемби күнү да жыйын өтөт. Ошол жыйында аба ырайына жараша жылуулук берүү маселеси чечилет.
Өткөн аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. Тоолорго кар жаады. Синоптиктер 16-октябрдан тартып аба дагы муздап, кар жаай турганын эскертишүүдө. (RK)