Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Ингушетияда "Эл аралык мунапыстын" иликтөөчүсү уурдалып, таяк жеди


Олег Козловский.
Олег Козловский.

Бул укук коргоочу уюмдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алардын иликтөөчүсү Олег Козловский Ингушетиянын борбору Магас шаарынан 6-октябрда уурдалган. Окуя ал Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашуу келишимине каршы өтүп жаткан нааразылык акцияларга байкоо салып жүргөн учурда болгон.

Олег Козловскийдин "Твиттердеги" баракчасына жазгандарына караганда, уурдагандар аны ээн жерге алып барып, жылаңачтап, сабап, кабыргасын сындырышкан, "зордуктайбыз" деп коркутуп, сүрөткө тартып алышкан. Башына тапанча такап, атып саларын айтышкан. Кийин өздөрүн "коопсуздук кызматтарынанбыз" деп атагандар Козловскинин телефонун, фотоаппаратын тартып алып, аны коңшу Түндүк Осетияга, Владикавказ аэропортунун жанына таштап кетишкен.

Эл аралык уюм өз кызматкери кириптер болгон жагдайды “кооптондурарлык катаал жана адамды дендароо кылган көрүнүш" катары мүнөздөдү. Уюм “күнөөлүүлөр кармалып, жоопко тартылышы керек" деп эсептөө менен орус бийлигине расмий арыз жөнөтүлгөнүн да кабарлады. Ал эми уюмдун иликтөөчүсү Олег Козловский азыр Орусиядан сыртка чыгып кеткен.

Алгачкы чечен согушунан бери эле Чеченстанда жана коңшу Ингушетияда адамдарды уурдоо фактылары мезгили-мезгили менен катталып келет. Мындай иштерге күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да барат. (UE)

XS
SM
MD
LG