Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

ТИМдин башчылыгына Чыңгыз Айдарбеков көрсөтүлдү


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги Кыргызстандын Тышкы иштер министри кызматына көрсөтүлүүдө.

Мыйзам боюнча, өкмөт мүчөсү иштен кетсе премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуш кылат. Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат.

Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен.

Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.

2011-жылы президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, 2012-2016 жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп келе жаткан.

Чыңгыз Айдарбеков эл аралык кылмыш укугу жана тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10дон ашык илимий макаланын автору. (RK)

XS
SM
MD
LG