Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Жыл башынан бери чек арада он окуя катталды


Уларбек Шаршеев.
Уларбек Шаршеев.

Былтыр Кыргызстандын тышкы чек ара тилкелеринде жалпысынан 14 окуя болгон. Быйыл жыл башынан бери 10 факт катталды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Быйылкы окуялардын жетөө Тажикстан менен, үчөө Өзбекстан менен чек арада катталган.

Чек арадан аткезчилик жолу аркылуу ташылып баратып кармалган товарлардын суммасы 26 млн сомдон ашты.

Кыргызстан Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Өзбек жана тажик тарап менен чек ара такталып бүтө элек. (KR)

XS
SM
MD
LG