Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Жалал-Абадда бош жумуш орундарынын жармаңкеси өтүүдө


Жармаңкеге келгендерге 400дөй сунуш даярдалган.
Жармаңкеге келгендерге 400дөй сунуш даярдалган.

Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундарынын жармаңкеси өтүүдө. "Татыктуу ишке кадам" деген жармаңкеге жергиликтүү тургундар, студенттер, кесиптик кошуундар, иш берүүчүлөр жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып жатышат.

Жалпысынан ар кыл багыттагы 400дөн ашык бош орун сунушталды.

Жарманкеге келгендер «Ишти кантип издеш керек?» «Эмгек келишими деген эмне?» «Кесиптик кошуун деген эмне?» «Жумуш ордундагы басмырлоодон кантип коргонуш керек?» деген темадагы талкууларга катышып, серепчилерден кеп-кеңеш алып жатышат.

Уюштуруучулар - Жалал-Абад шаарынын мэриясы, иш менен камсыздоо башкармалыгы, "Жарандык коомду колдоо" борбору, Кесиптик кошуундар федерациясы, INTRAC эл аралык окутуу жана изилдөө борбору. (RsK)

XS
SM
MD
LG