Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Эгизбаевдин көрүстөн тууралуу иликтөөсү боюнча дагы бир иш козголду


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүнүн негизинде Бишкектеги көрүстөн маселесине байланыштуу дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ленин райондук прокуратурасы Бишкектин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык” жана “Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же таратып жок кылуу” деген беренелеринин негизинде иш козгоп, тергөө органдарына өткөрүп берди.

“Агенттиктин кызмат адамдары Түштүк-Батыш көрүстөнүндө инженердик коммуникациялар (жол, жолдун чети, ирригациялык түйүндөр) жайгашкан жерлерди көрүстөн үчүн беришкен. Текшерүү учурунда алардын ичи бош экени, эч ким көмүлбөгөнү аныкталды. Ошону менен катар агенттиктин айрым кызматкерлери сөөк койгону келгендерден акча алып жүргөнү да белгилүү болду” деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Буга чейин, 22-июнда Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүнүн негизинде шаардык прокуратура да Бишкектеги Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин ишин текшергенден кийин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козгоп, Финполицияга жөнөткөнү кабарланган. Азырынча иш тергелип бүтө элек.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев жемкорлукту ашкерелеген бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Анын даярдаган ар бир курч көрсөтүүсү коомчулукта кызуу талкуу, резонанс жараткан.

Быйыл 22-июлда Эгизбаев Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө каза тапты. Милиция жана соттук-медициналык эксперттер ал чөгүп кеткенин айтууда. (RK)

Иликтөө: Көрүстөндөгү коррупция (30-май, 2018-ж.)

XS
SM
MD
LG