Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Иранда аскер адамдары уурдалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Пакистан менен чек арадан 14 аскер адамы уурдалып кеткенин билдирүүдө.

IRNA агенттиги “Лулакдан чек арасында, 16-октябрда таңкы саат 4 менен 5тин ортосунда аларды террордук топтор уурдап кетишкен” деп маалымдады.

14 кишинин экөө тандалма Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгынчы офицерлери, жетөө "Басиж" милициясынан келген ыктыярчылар, калганы чек арачылар экени кабарланат.

Азырынча кайсы террор тобу тууралуу сөз болуп жатканы так айтыла элек.

XS
SM
MD
LG