Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Өзбекстан инвестицияны эки эсе көбөйтүүгө камынууда


Ташкент шаары.
Ташкент шаары.

Өзбекстандын Мамлекеттик инвестиция комитети 2017-жылы түз инвестициялар азайып, 423 млн. доллар гана болсо, быйыл 1,7 млрд. долларга жетерин болжолдоп жатат. “2019-жылы эки эсе көбөйтүп, 3,5 млрд. долларга жеткиребиз” деп билдирет комитет Podrobno.uz сайтына.

Бул өлкөдөгү ири "Өзбекнефтегаз" ишканасына келген акчаны эске албагандагы эсеп. Мындай көрсөткүч ишкердикке байланыштуу мыйзамдарды либералдаштырып, экономикалык жагдайды жакшыртууга багытталган кескин чаралардан кийин пайда болгону белгиленет.

Инвестиция комитетинин эксперттери өзбек экономикасынын учурдагы мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен четтен жыл сайын 4-12 млрд. доллар тартса болот деген ишенимде.

XS
SM
MD
LG