Венгрия өкмөтү селсаяктардын жашоо шарттарын жакшыртууга 32 млн. доллар бөлүүгө убада берди. Ошол эле маалда дүйшөмбүдөн тартып аларга көчөдө же коомдук жайларда түнөгөнгө тыюу салынды.
Тиешелүү мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. Быйыл июнда ал өзгөртүлдү. Ага ылайык, полиция селсаяктарды мажбурлап атайын түнөктөргө алып бара алат. Эгер ал үч айдын ичинде эрежени үч жолу бузса, тартип сакчылары кармап, буюм-тайымдарын жок кылууга акылуу.
Улуттар Уюму жана эл аралык укук коргоочулар мыйзамды "адамгерчиликсиз" деп баалашты. Жергиликтүү активисттер жана дин өкүлдөрү "бийликтин чаралары катаал, өзгөчө аргасыз абалдагы селсаяктын ансыз да аз буюмун жок кылуу" деп нааразы болушту. Жекшембиде парламенттин алдында митинг да өткөн.
Бийлик ириде адамдардын коопсуздугу тынчсызданып жатканын жүйө келтирет. Ал эми суук түшкөндө көчөдөгүлөр түндөн чыкпай калат деген да чочулоо бар.
Түрдүү эсептерге караганда, Венгрияда анык жашай турган жери жок адамдардын саны 20 миңден 50 миңге чейин жетет. Алардын көбү Будапешттин көчөлөрүндө жашайт.