Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Бишкекте Текебаевдин тарапкерлери пикетке чыгышты


Митингден бир көрүнүш.
Митингден бир көрүнүш.

Бишкекте, президенттик администрациянын алдында Өмүрбек Текебаевдин акталышын талап кылган акция өтүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, акция тынч өтүүдө. Аларга Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери көз салып турушат:

- Пикетке баш-аягы жети киши чыкты. Алар “Урматтуу президент, Текебаев ак киши, анын бошотулушун талап кылабыз” деген жазууларды кармап турушат. Пикет тынч өтүп жатат. Эч кандай мыйзам бузуу катталган жок.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды" деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Бирок ал бул айыптоону өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн ошол кездеги бийликтин саясий куугунтугу деп баалаган.

Сот Өмүрбек Текебаевди жана аны менен кошо айыпталган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. (RK)

XS
SM
MD
LG