Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:59

Чек ара кызматында жыл башынан бери тогуз адам каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Мамлекеттик чек ара кызматында тогуз кызматкер каза тапты. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында мекеменин башчысы Уларбек Шаршеев билдирди.

Бирок, Шаршеевдин айтымында, алардын өлүмү кызматка байланыштуу болгон жок жана алар аскерге милдеттүү чакырылган жоокерлер эмес болчу.

- Мамлекеттик чек ара кызматына аскерге чакырылгандардын арасында 2016-жылдан бери өлүм фактылары каттала элек. Каза болгондор офицерлер, прапорщиктер жана келишимдик негизде кызмат өтөп жаткандар.

Шаршеев каза тапкан тогуз аскер кызматкеринин төртөө ден соолугунан улам инсульт менен инфаркттан көз жумганын кошумчалап, учурда чек арачылардын баарынын ден соолугу текшерилип жатканын билдирди. (KR)

XS
SM
MD
LG