Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Казак элчиси каржылык кылмыш боюнча шек саналууда


Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Казакстандын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаев өзгөчө ири өлчөмдө акча уурдаган деп шек саналууда. Бул тууралуу 16-октябрда Казакстандын Мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөш агенттигинин өкүлү Жанна Бастарова билдирди.

- Ал жооптуу кызматты ээлеп туруп, Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин курулушунда аткарылган иштер тууралуу атайын жалган актыга кол койгон деп шек саналууда. Анын мыйзамсыз иш-аракеттеринин зыяны 140 миллион теңгеден (25,2 млн. сом – ред.) ашкан, - деди Бастарова.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалыматты ырастады. Бул иш министрликтин мурдагы жооптуу катчысы Анарбек Карашевдин чоң өлчөмдө пара менен кармалышына байланыштуу экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG