16-октябрда Ооганстанда "Талибандын" чабуулдарынан ондогон полиция кызматкери мерт болду. Өлкөнүн түндүгүндөгү Саманган вилаетиндеги кол салууда жыйырмага жакын, анын ичинде вилаеттин полиция башчысынын орун басары курман болгон. Жоочулар бир нече көзөмөл өткөрмө бекеттерин ээлеп алышканын вилаеттин губернатору Абдул Латиф Ибрахими билдирди.
Ал эми өлкөнүн борбор жагында оор курал-жаракчан жүздөгөн жоочу Кайран районундагы көзөмөл-өткөрмө бекетин аткылаган. Дайкунди вилаетинин расмий өкүлү Али Акбар Натеки бир саатка созулган салгылашта “сегиз жоокер менен беш полициячыны жоготтук” деди.
Талибдер эки чабуулда элүүдөй кишини өлтүрүп, чоң өлчөмдө курал-жарак жана ок-дары олжолоп кетишкенин жарыялашты.
“Талибан” кыймылы Ооганстандын кеминде 40% аймагын көзөмөлдөп турат. Өлкөдөгү парламенттик шайлоонун алдында кыймыл коопсуздук күчтөрүнө жана мамлекеттик мекемелерге чабуулдарын күчөттү. Андын айынан ондогон адамдар курман болду.