Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Хашоггинин тагдыры боюнча сүйлөшүү уланууда


Майк Помпео жана Мухаммад бин Салман. 16-октябрь, 2018-жыл.
Майк Помпео жана Мухаммад бин Салман. 16-октябрь, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Сауд Арабиясынын падышасы, ички иштер министри жана такты мураскору менен жолукту. Майк Помпео 2-октябрдан бери дайыны чыкпай жаткан журналист Жамал Хашогги жөнүндө сүйлөшкөнү Эр-Риядга барган. Андан кийин окуя болгон Түркияга жөнөйт.

АКШ эгерде Сауд Арабиясы журналисттин жоголушуна тиешеси бар болсо “катаал жазага” туш болорун билдирген. Эр-Рияд бул ишке аралашпаганын билдирип, опузага же жазага эки эсе кубаттуу жооп кайтарарын эскертүүдө.

Акыркы жылдары падышалыктын бийлигин сындап жүргөн Хашогги Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз. Ал арада түрк атайын кызматтары Хашогги өлтүрүлгөнүн, денеси кескиленгенин билдиришти. 15-октябрда консулдукка кирген түрк иликтөөчүлөрү буга далил боло ала турган кан же башка заттын издерин издеп жатышат.

- Кечээтен баштап бүгүн таң аткыча интенсивдүү иш жүрдү. Ал дагы уланат. Мүмкүн болушунча тез арада жөндүү бир жыйынтыкка келебиз деген ойдомун. Иликтөө көп нерсени караштырып жатат. Анын ичинде сырдалып жоготулган уулуу материалдарды дагы, - деди президент Режеп Тайып Эрдоган.

Ал арада Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет иликтөөгө тоскоолдук болбошу үчүн дипломатиялык мекемелерге берилүүчү иммунитет консулдуктан тез арада алынышы керек экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG