Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Армения: Никол Пашинян кызматтан кеткенин билдирди


Никол Пашинян
Никол Пашинян

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 16-октябрдын кечинде кызматынан кеткенин жарыялады. Удаа эле декабрда кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнүн мыйзамдык жолун көрсөттү. Ага ылайык, президент дароо өкмөттүн отставкасын кабыл алат. Андан соң парламент эки ирет премьерди шайлабай коюшу керек. Анан парламент тарап, кезексиз шайлоо белгиленет.

Парламентке кайра шайлоо өтсө гана "баркыт ыңкылабы" толук максатына жетерин Пашинян белгилеп келет.

Бул жолго парламенттеги үч фракцияны көндүрүү үчүн узак сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Миңдеген элди көчөгө чакырып, түнү менен митинг да өткөрүштү.

Быйыл апрелде он миңдеген армениялыктар көчөгө чыгып, Серж Саргсянды кызматтан кетирди. Элди баштаган Никол Пашинян ал кыймылды "баркыт ыңкылабы" деп атайт.

Нааразылыкка Саргсяндын убадасынан тайып, президенттик мөөнөтү аяктагандан бир жума өтпөй өкмөт башчылыкка келгени негиз болгон.

XS
SM
MD
LG