Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Кытайлык эки жаран коомдук тартипти бузганы үчүн беш күнгө камалды


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаардык милициясы билдиргендей, Биринчи май райондук сотунун 16-октябрдагы чечими менен Интернетте видеосу тарап, талкууга түшкөн кытайлык эки жаран беш күнгө камакка алынды.

«Кытай жарандары башка кардарларга одоно мамиле кылып, кайсы бир депутатка чала турганын айтты» деген видео социалдык тармактарга 15-октябрда жарыяланган.

Териштирүүдө 15-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде кытайлык жарандардын бири жакындарынын коштоосунда кайын атасынын туулган күнүн белгилеп, спирт ичимдигин ичкени, аны куттуктап өзү жана дагы башка тууганы ырдаганына кафенин кардарлары нааразы болуп, тынч отурууну суранышканы белгилүү болгон. Натыйжада ортодо кайым айтышуу чыгып, кафе кызматкерлери нааразы болгон кардарларды башка жайга отургузушкан.

Милиция кызматкерлери 364-берененин ("Бейбаштык") негизинде материал топтоп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG