Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Бишкекке жылуулук берүү тууралуу чечим кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарына жылуулук берилмей болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова билдирди.

Мындай чечим бүгүн шаардагы тиешелүү мекемелердин жыйынында кабыл алынды. Адегенде ооруканалар, бала бакчалар, мектептер жана башка социалдык объектилер жылуулук энергиясы менен камсыз болот.

Өткөн аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. Азыр Бишкекте абанын температурасы 0 градус болуп турат, кар жаап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG