Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Сурабалдиева: Оппозиционерлерди элчи кылууну токтотуш керек


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Өлкөнүн жетекчилиги оппозиционерлерди элчи кылып чет мамлекеттерге жөнөтүү тажрыйбасын токтотушу керек. Мындай пикирин бүгүн парламентте Тышкы иштер министрлигине жетекчилик кызматка көрсөтүлүп жаткан талапкерди талкуулоо учурунда КСДП фракциясынын өкүлү, депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Сурабалдиева Кыргызстандын чет жактагы элчилеринин ишмердүүлүгүн баалаш үчүн критерийлер зарыл экенин белгиледи.

Ушу тапта Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ТИМдин башчылыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөтүп, талкуу жүрүп жатат.

Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG