Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Парламент Айдарбековдун ТИМге жетекчи болушуна бир добуштан макул болду


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Добуш берүүгө катышкан 101 депутаттын баары тең "макул" деп добуш берди.

Айдарбековдун талапкерлигин көрсөтүп парламентке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү барды.

Мыйзам боюнча, өкмөт мүчөсү иштен кетсе премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуш кылат. Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат.

Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен.

Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.

2011-жылы президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, 2012-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп келе жаткан.

Чыңгыз Айдарбеков эл аралык кылмыш укугу жана тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10дон ашык илимий макаланын автору. (RK)

XS
SM
MD
LG