Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Арменияда президент өкмөттүн кызматтан кетишине макул болду


Никол Пашинян элге сыналгы аркылуу кайрылууда. 16-октябрь, 2018-жыл.
Никол Пашинян элге сыналгы аркылуу кайрылууда. 16-октябрь, 2018-жыл.

Тиешелүү жардык президент Армен Саркисяндын расмий сайтында жарыяланды.

Мунун алдында кечээ кечинде премьер-министр Никол Пашинян парламенттти таратып, жаңы шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү максатында кызматтан кеткенин жарыялаган эле.

“Кызматтан кетүүнүн максаты - премьер-министрдин кызматынан баш тартуу, жоопкерчиликтен качуу эмес, тескерисинче, биз чогуу ишке ашырган, кыянатчыл эмес, элдик "баркыт" ыңкылабын аягына чыгаруу, парламенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүп, бийликти элге кайтаруу”,-деди Пашинян 16-октябрдын кечиндеги теле кайрылуусунда.

Пашинян кошумчалагандай, мөөнөтсүз парламенттик шайлоого чейин ал өзү жана өкмөт мүчөлөрү конституциялык милдеттерин аткара берет.

Жакында "France24" телеканалы менен болгон маегинде Пашинян "парламенттик шайлоо 9-10-декабрда өтөт" деп болжолдогон.

Армениянын 2015-жылы кабыл алынган акыркы Конституциясына ылайык, эгер өлкөнүн Улуттук жыйыны премьер-министрди эки жолу дайындай албай койсо, ал таратылат жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо белгиленет. (UE)

XS
SM
MD
LG