Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:38

Калиевдин аялынан батир сатып алган адамдын укугу тууралуу арыз Жогорку сотко жиберилет


Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

Айбек Калиевдин жактоочусу анын жубайынан батир сатып алган адамдын укугун коргоп Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу адвокат Бакытбек Жумашев бүгүн “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык соту Калиевдин жубайына катталып, кийин сатылган батирдин наркын баалаш үчүн ичине кирүүгө уруксат берген чечим чыгарды.

Жумашев соттун мындай чечимине макул эмес экенин, себеби батир азыр Калиевге да, анын жакындарына да таандык эмес экенин жана аны сатып алган адамдын укугу бузулуп жатканын айтууда:

- Келинчеги ал батирди акча керек болгондуктан жазында эле сатып жиберген. Андан башка үйү жок, булардын. Сатып алган киши менен эч кандай туугандык же башка мамилеси жок.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары быйыл 18-апрелде кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Быйыл 26-январда ЖЭБде авария болуп, -20 градустан ашкан суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул окуя жарым жыл мурун модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура "Коррупция" беренеси менен иш козгоп, УКМК тергөө иштерин баштаган. (KE)

XS
SM
MD
LG