Ысык-Көл облустук милициясы Тамчы айылынын тургуну диний көз караштан улам сабалганы тууралуу маалыматты четке кагууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов окуя 16-октябрга караган түнү болгонун, 25 жаштагы жергиликтүү тургун сабалып ооруканага түшкөнүн тастыктады, бирок диний ишеним тууралуу сөз болбогонун "Азаттыкка" билдирди:
- Туугандары массалык маалымдоо каражаттарына “келме келтир, даарат ал деп айтышыптыр” деген маалымат таратып жатпайбы. А бирок жабыркаган адам өзү жазган арызында да, оозеки көрсөтмөсүндө да мындай фактыны көрсөткөн эмес. Башка динди тутканына байланыштуу балдар сабады деген билдирүү такыр чындыкка дал келбейт.
Усубакуновдун айтымында, кылмышка шектүү үч адам кармалган, бирок кайра тил кат жазып бергенден кийин кое берилди. Алардын бири ошол күнү балалуу болуп, көл жээгине барып арак ичкенин, ошондон кийин мас бойдон барып кол көтөргөнүн моюнуна алышты жана бул жоругун ошол үйдөн музыка катуу чыгып жатканы менен түшүндүрүштү.
Ал эми жабыркаган баланын туугандары анын мээси чайкалып, жаагы жана тиши сынганын, абалы оор экенин айтып жатышат. Алар балага кол салгандар “христиан багытындагы ырларды угуп жатасың, келме келтирип, даарат алып, мусулман динине өтүшүң керек” деп талап кылганын, азыр маселени сотко жеткирбей, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасап жатканын билдирүүдө.
Кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси соттук-медициналык экспертизадан кийин чечилет.
Усубакунов белгилегендей, жабыркаган бала да, шектүүлөр да кыргыз улутундагылар. (RK)